8-сентябрда Нарында II “Ийгиликке кадам” медиафоруму башталат

8-сентябрда Нарын шаарында республикалык II “Ийгиликке кадам” медиафоруму өз ишин баштайт. Кыргыз тилдүү журналисттердин 2 күндүк форумунда аймактык медианын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болмокчу. Белгилүү кыргыз жана чет өлкөлүк медиа адистер социалдык тармактар жана медиа, медиадагы кастык тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы…… Толугу менен 8-сентябрда Нарында II “Ийгиликке кадам” медиафоруму башталат

II “Ийгиликке кадам” медиафорумун сайты иштей баштады

8-9-сентябрда Нарында өтө турган II “Ийгиликке кадам” медиафорумунун сайты иштей баштады – http://kadam.hostenko.net/. Сайттан медиафорумдун программасы, спикерлер тууралуу кенен маалыматтарды тапса болот. Эскерте кетсек, Нарында өтө турган республикалык ири медиа жыйында аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болмокчу. Бул иш-чарага республикабыздын булуң-бурчунан 70ге жакын кыргыз тилдүү журналисттер менен медиа адистердин катышуусу күтүлүүдө. «Ийгиликке…… Толугу менен II “Ийгиликке кадам” медиафорумун сайты иштей баштады

Медиафорумдун маалыматтык өнөктөштөрү

8-9-сентябрда Нарын шаарында өтө турган II “Ийгиликке кадам” медиафорумдун маалыматтык өнөктөштөрү болуп “Кабар” улуттук маалыматтык агенттиги, “ПолитКлиника Медиа” сайты жана “Марал ФМ” радиосу эсептелет. Аталган медиаларда медиафорумдун жүрүшү, көтөрүлгөн маселелер, талкуулар кенен жана такай чагылдырылып турат. Аны менен катар “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Фейсбуктагы баракчасында медиафорумдагы сессиялар түз эфирде көрсөтүлөт. Фейсбуктун колдонуучулары комментарий түрүндө өз пикирлерин…… Толугу менен Медиафорумдун маалыматтык өнөктөштөрү