СПИКЕР

Нурбек СЫДЫКОВ

2006-жылы Кыргыз улуттук университеттин юридикалык факультетин бүтүрүп, Бишкек шаарынын Ленин жана Октябрь райондук сотторунда, шаардык сотто судьянын коомдук жардамчысы болуп иштеген.

Андан кийин бир катар мамлекеттик органдарда жана жеке менчик ишканаларда юрист катары эмгектенген.

2008-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияда мугалимдик кесипти да аркалап келет.

2020-жылдан бери ЖМКларга укуктук жардамды көрсөткөн “Медиа Полиси Институтунун” юристи болуп эмгектенет.

“Кыргыз Республикасынын Жер укугу” (2010-ж.), балдар үчүн “Ата бабалар мурасы” (2014-ж.) жана “Экологиялык укук” (2015-ж.) китептеринин авторлорунун бири болуп эсептелет.