СПИКЕР

Марат ТӨРӨБЕКОВ

Маалыматтык технологияларга байланыштуу укуктук маселелер жана аларды колдонуу, телекоммуникация, киберкоопсуздук, антикоррупциялык аракеттер, терроризм жана экстремизмге каршылык көрсөтүү, анын ичинде онлайн талаасында күрөшүү боюнча адис.

Кыргыз-орус Славян университетин (юридикалык факультетти) жана КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.

13 жыл юридикалык практикасы бар.

Экстремизмге жана терроризме каршылык көрсөтүү, мамлекеттик дин саясаты, киберкоопсуздук, сырткы миграцияны электрондук тескөөгө алуу, атайын техникалык каражаттарды колдонуу, электрондук виза, коорупция менен күрөшүү жаатындагы бир катар мыйзам долбоорлорду, концепцияларды иштеп чыгууга активдүү катышкан.

Киберкоопсуздук боюнча тренингдерди өткөрүп келет.

2018-жылдан бери “Интернет саясат боюнча жарандык демилге” коомдук фондусунда юрист болуп эмгектенет.

КР Президентинин, Өкмөтүнүн жана бир катар мамлекеттик органдардын сыйлыктарынын ээси.