СПИКЕР

Гүлбарчын АМИРОВА

1982-жылы жарык дүйнөгө келген.

2000-жылы ОшМУнун филология факультетине тапшырып, кийин БатМУга которулган. 2005-жылы аталган окуу жайды орус тили жана адабияты боюнча филолог адистиги боюнча бүтүргөн.

Ал эми 2013-жылы БатМУнун Кызыл-Кыядагы технология, экономика жана укук институтун бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча аяктаган.

Баткен шаарынын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты боюнча мугалим, Бишкек шаарындагы №173-МЧББУда тарбиячы болуп иштеген.

2019-жылдын июль айынан тартып Баткен шаарындагы “Салам Медиа” аймактык жалпыга маалымдоо каражатында директордун орун басары кызматын аркалап келет.

Интерньюс уюмунун МЕДИА-К программасынын чечимдер журналистикасынын стипендианты.