СПИКЕР

Авланбек ЖУМАБАЕВ

Медиа адис.

Ар түрдүү деңгээлдеги маалыматтык стратегияларды, пиар-кампанияларды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу боюнча бай тажрыйбасы бар. Өлкөнүн маалыматтык айдыңы менен жакшы тааныш.

1984-90-жылдары Магнитагорск мамлекеттин пединститутта (Орусия), 1990-91-жылдары Бишкек орус тил жана адабият пединститутунда окуп, аяктаган.

“Слово-Кыргызстана” басма үйүндө кабарчы, “Бозумчак” гезитинин, “Орусия бүгүн” эл аралык маалымат агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө башкы редактор болгон.

Чүй областтык мамлекеттик администрацияда, КР премьер-министринин аппаратында, КР Жогорку Кеңешинде, КР Президентинин администрациясында, дагы башка бир катар мамлекеттик органдарда, эл аралык уюмдарда жана долбоорлордо ЖМКлар менен иштешүү бөлүмдөрүндө эмгектенген.

Акыркы жылдары БУУӨПтүн Кыргызстандагы шайлоо процесси боюнча долбоорунда медиа эксперт болуп иштеген.