Майыптык темасын чагылдыраардан мурун журналисттер эмнени билип алуусу керек?

Нарын шаарында 7-9 сентябрда өткөн медиафорумда  майыптык темасын чагылдырууга арналган сессияда журналисттер үчүн кызыкту жана пайдалуу маалыматтар айтылды. Сессиянын модератору Мэри Бекешова жана спикери Айзада Калканбекова журналисттер коомчулугу менен көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, анда айтылган көп маалыматтар журналисттер үчүн жаңылык болду десек жаңылышпайбыз. Ал маалыматтарды биздин окурмандар үчүн дагы бөлүшүп коюуну туура көрдүк.

Майыптык темасында материал жазып жатканда кайсы терминди колдонуу туура

  • майыптыгы бар адам󠆵 󠆵 ✔
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам ✘
  • майып ✘

“Майып” деген термин коом тарабынан сынга алынып, бул сөздө дискриминациялоо бар экени айтылат. “Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген адам” термини дагы туура эмес. Эгерде адамдын катуу грипп болуп же буту сынып калып, убактылуу гипс салынып жүрсө анда ал дагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамга айланат. Бирок мыйзам боюнча ал адамга майыптык статусу ыйгарылбайт. Буга байланыштуу мамлекеттик орган тарабынан берилген социалдык-укуктук статуска ээ адамдарды “майыптыгы бар адамдар” деп атоо сунушталат.

Туура терминдерди колдонууга аракет кылыңыз

Колдонуу сунуш кылынат Колдонбоо сунуш кылынат
Коляска колдонгон адам Коляскага кадалган адам
Кулак угуусу начар адам Дүлөй,
Көзү азиз, көзү көрбөгөн адам Сокур
Омуртка жаракаты бар адам Паралитик
Майыптыгы бар адам Мунжу, чолок, шал
Өнүгүүсү артта калган адам Кем акыл
Даун синдрому бар адам Даун
Майыптыгы бар спортчулар Спорт менен машыккан майыптар
Өнүгүүсү артта калган адам Акыл-эси жетишпеген адам
Эпилепсиясы бар адам Эпилептик
Психикалык жана эмоционалдык өзгөчөлүгү бар адам Жин оорулуу, жинди
Өнүгүүсү артта калган адам Жарым жан, бир нерсеси жетишпеген
Өнүгүүсү артта калган адам Артта калган, Жинди

Терс стереотиптерди таратпаңыз

Туура эмес Туура
Ден-соолугуна байланыштуу майыптардын иштеши, окушу кыйын ✘ Жеткиликтүү чөйрө болсо майыптыгы бар адамдар билим алып, иштей алышат
Майыптар негизинен коркок болушат, өзүнө ишенишпейт, ар дайым жардамга муктаж Майыптыгы бар адамдар майыптыгы жок адамдар сыяктуу эле, ар кандай болушат. Арасында таланттуусу, токтоосу, уялчаагы, ар түрдүү инсандар бар.
Майыптыгы бар адамдар ар дайым жардамга, жөлөк пулга муктаж. Майыптыгы бар адамдар иштеп, салык төлөп мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо алат.
Майып аялдар турмушка чыга албайт, чыкса дагы төрөбөшү керек. Майыптыгы бар аялдар турмушка чыгууга, балалуу болууга укуктуу.
Майыптыгы бар адамдар үй бүлөө кура алышпайт, себеби ага кам көрө албайт. Майыптыгы бар адамдар үй бүлөө куруп, балалуу болуп, иштеп, аларды багып күтө алат.
Майып балдар башка балдарга аралашпай өзүнчө атайын майыптыгы бар балдарга арналган мектептерде окушу керек. Майыптыгы бар балдар жалпы билим берүү мектептерде жана майыптыгы бар балдарга арналган мектептерде окушу керек.
Майыптар үчун адистештирилген мекемелерде өзүнчө билим алууга, жашоо жана дарыланууга бардык шарттар түзүлүшу керек.  ✘ Майыптыгы бар адамдар үчүн башканын жардамысыз өз алдынча жашоого, билим алууга, иштөөгө жеткиликтүү чөйрө түзүлүп берилиши керек. ✔
Майыптар дээрлик билимсиз болушат, ошон үчүн аларды жумушка да албайт. Жеткиликтүү чөйрө болсо, майыптыгы бар адамдар билим алып, иштеген жеринин өнүгүшүнө чоң салым кошо алат.

 

Аудиториянын аёо сезимин жаратууга аракет кылбаңыз

Туура Туура эмес
Ал көп жылдан бери спорт менен машыгып, жакында алтын медалга ээ болду. Ал майыптыгына карабастан спорт менен машыгып алтын медалга ээ болду.
Кайда иштөөнү каалайт элеңиз, эмне менен алектенген жагат? Бирине тартса, бирине жетпеген жашоодо кантип күн көрүп жатасыз?
Асан бизнесин ийгиликтүү жүргүзүп, азыр айылга жол салып берип атат. Асан дени сак адамдарга салыштырмалуу,  бизнесин ийгиликтүү жүргүзүп, айылга жол салып берип атат.
Ал аял үй бүлөө куруп, балалуу болуп, жакында үй алды. Ал аял майыптыгына карабастан, үй бүлөө куруп, балалуу болуп, жакында үй алды.
Айгуль колунан көөрү төгүлгөн уз кыз,  жаштар үчүн заманбап кийимдерди түрлөп токуйт, кардарлары кезеке жазылышат. Айгулдүн алган жөлөк пулу дарысына да жетпейт, тынбай кийим токуп сатып эптеп күн кечирип жашап келет,

 

Майыптыгы бар адам менен баарлашуу этикетинин эрежелери

  1. Маектешүү учурунда аны коштоп жүргөн адамга же сурдокотормочуга эмес, өзүнө түз кайрылуу шарт.
  2. Таанышып же учурашып жатканда кол алышуу табигый нерсе. Колун кыймылдата албаган, протез колдонгон адамдар дагы оң же сол колун суна алышат.
  3. Көрүүсу начар адамга өзүңүздү жана сиз менен кошо келген адамдарды таанышытырып коюу зарыл.
  4. Жардам бергиңиз келсе, “жардам берейинби” деп алдын ала сураңыз. Сизден сурабаса, жардам бербеңиз.
  5. Коляскасына таянуу же асылуу кыжырды келтире турган нерсе. Майыптык коляска – анын кол тийгис мейкиндигинин бөлүгү болуп саналат.
  6. Сүйлөөсү жагынан кыйынчылыгы бар адам менен баарлашууда кунт коюп угуңуз, оюн айтып бүтүргөнчө күтө туруңуз, оңдобоңуз жана анын ордуна сөздөрүн улантпаңыз. Түшүнбөй калсаңыз кайра сураңыз. Түшүнгөнүңүздү кайталаңыз – кайталоо адамдын сизге жооп беришине, сиз болсо аны түшүнгөнгө жардам берет.
  7. Коляска колдонгон адам менен баарлашууда көзүңүз менен анын көзү бирдей деңгээлде болуусу шарт.
  8. Угуусу начар адамдын көңүлүн буруу үчүн колуңузду булгап же далыга таптаңыз. Анын көзүнө тике карап, так сүйлөңүз, бирок угуусу начар адамдардын бардыгы эле эриндердин кыймылдашынан окуй албасын унутпаңыз.
Бөлүшүү