Медиафорум фейсбукта түз эфирде көрсөтүлөт

8-9-сентябрда өтө турган медиафорум “Журналисттер” коомдук бирикмесинин фейсбуктагы баракчасында (https://www.facebook.com/journalist.kg/) түз эфирде көрсөтүлөт.

Форумда бир убакта эки башка темага арналган сессиялар параллель өткөрүлө тургандыктан фейсбук баракчада да эки түз эфирдин уюштурулушу каралган.

Сессиялардын аталыштарын жана өтө турган убактыларын бул жерден көрө аласыздар – http://kadam.hostenko.net/.

Ар бир көрүүчү түз эфирдин алдындагы пикир калтыруучу жерге спикерлерге суроолорун калтыра алышат.

Эскерте кетсек, «Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” КБга таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу областтардын биринде өткөрүлүп турат. I Медиафорум 2019-ж. Ош шаарында өткөрүлүп, ал өлкөбүздүн ийгиликүү медиаларынын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган болчу.

Нарында экинчи медиафорумдун өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси, Жарандык коомдун Прагадагы борбору жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүшүүдө.

Бөлүшүү