II “Ийгиликке кадам” медиафорумун сайты иштей баштады

8-9-сентябрда Нарында өтө турган II “Ийгиликке кадам” медиафорумунун сайты иштей баштады – http://kadam.hostenko.net/. Сайттан медиафорумдун программасы, спикерлер тууралуу кенен маалыматтарды тапса болот.

Эскерте кетсек, Нарында өтө турган республикалык ири медиа жыйында аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болмокчу. Бул иш-чарага республикабыздын булуң-бурчунан 70ге жакын кыргыз тилдүү журналисттер менен медиа адистердин катышуусу күтүлүүдө.

«Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” КБга таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу областтардын биринде өткөрүлүп турат. I Медиафорум 2019-ж. Ош шаарында өткөрүлүп, ал өлкөбүздүн ийгиликүү медиаларынын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган.

II Медиафорумдун өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси, Жарандык коомдун Прагадагы борбору жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүшүүдө.

Ал эми анын маалыматтык өнөктөштөрү болуп “Кабар” улуттук маалыматтык агенттиги, “ПолитКлиника Медиа”, Prevention Media сайттары жана “Марал ФМ” радиосу эсептелет.

Ошоной эле медиафорумдун жүрүшү 8-9-сентябрда “Журналисттер” КБнын фейсбуктагы баракчасында түз эфирде чагылдырылат.

Бөлүшүү