II “Ийгиликке кадам” медиафорумунун маалыматтык өнөктөштөрү көбөйдү

8-9-сентябрда Нарында өтө турган II “Ийгиликке кадам” медиафорумунун жүрүшү, анда көтөрүлгөн маселелер тууралуу кенен маалыматтарды орус тилинде эми Prevention Media коомдук фондунун сайтынан да окуй аласыздар. Аталган уюм республикалык ири медиа жыйындын маалыматтык өнөктөшү болууга кызыкдар экенин билдирди.

Буга чейин биз маалымдагандай, медиафорумубуздун медиа өнөктөштөрүнүн катарында  “Кабар” улуттук маалыматтык агенттиги, “ПолитКлиника Медиа” сайты жана “Марал ФМ” радиосу  бар болчу.

Эскерте кетсек, «Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” КБга таандык.

II Медиафорумдун темасы – “Аймактык медиалар бүгүн жана эртең”. Ал эми анын уюштурулуп өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси, Жарандык коомдун Прагадагы борбору жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүшүүдө.

Бөлүшүү