Медиафорумдун маалыматтык өнөктөштөрү

8-9-сентябрда Нарын шаарында өтө турган II “Ийгиликке кадам” медиафорумдун маалыматтык өнөктөштөрү болуп “Кабар” улуттук маалыматтык агенттиги, “ПолитКлиника Медиа” сайты жана “Марал ФМ” радиосу эсептелет.

Аталган медиаларда медиафорумдун жүрүшү, көтөрүлгөн маселелер, талкуулар кенен жана такай чагылдырылып турат.

Аны менен катар “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Фейсбуктагы баракчасында медиафорумдагы сессиялар түз эфирде көрсөтүлөт. Фейсбуктун колдонуучулары комментарий түрүндө өз пикирлерин билдирип, спикерлерге суроолорун бере алышат.

Эскерте кетсек, «Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” КБга таандык.

II Медиафорумдун темасы – “Аймактык медиалар бүгүн жана эртең”. Ал эми анын өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси, Жарандык коомдун Прагадагы борбору жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүшүүдө.

Бөлүшүү